10-ноябрда: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

  • 1 час мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 10-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен облусунда жаан нөшөрлөйт, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:

 Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +18…+20.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты