Түштүк Кореяда аккумулятор заводунан өрт чыгып, кеминде 16 жумушчу каза тапты

Түштүк Кореянын Хвасон шаарында литий батареясын чыгарган заводдон өрт чыгып, кеминде 16 жумушчу каза тапты.  

Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кеминде 16 жумушчу каза таап, бешөө дайынсыз болуп жатканын жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөр билдирген. Өрт литий батареяларын чыгарган Aricell заводунан чыккан.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты