Түркмөнстандан  2000 тонна суюлтулган газ түрүндөгү гуманитардык жардам келди

  • 3 месяца мурун

5-февралда Кыргыз Республикасынын Шопоков темир жол станциясына Түркмөнстандан 2000 тонна суюлтулган газ (57 вагон-цистерна) түрүндөгү гуманитардык жардам келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган жардам Бишкек шаарындагы ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түркмөн тарабынан жиберилген.

Гуманитардык жардам КР Энергетика министрлигинин, тышкы иштер министрлигинин, «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын, «НК Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган. Бул тапшыруу аземине Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Н.Голиев да катышты.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

2018-жылы 26-январда да катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн жылуулуксуз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты