“Түндүк” тиркемесинде камсыздандыруу кызматтары жеткиликтүү
- 1 год мурун
Президенттик администрациянын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин катышуусунда мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жаңы санариптик кызматтары ишке киргизилди. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик агенттиги билдирди.
Автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин онлайн тартипте каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү
Бул кызмат эми «Түндүк» мобилдик тиркемесинин «Менин автоунаам» бөлүмүндө жеткиликтүү.
Процедура толугу менен автоматташтырылган:
- Маалыматтар автоматтык түрдө жүктөлөт;
- Колдонуучу кыймылдаткычтын көлөмүн, камсыздандыруу мөөнөтүн тандайт;
- Электрондук кол тамга аркылуу арызды ырастап, ПИН-код менен кол коёт;
- QR-код түзүлүп, төлөм MegaPay же «Айыл Банк» аркылуу жүргүзүлөт.
Төлөм бүткөндөн кийин полис «Түндүк» тиркемесиндеги “Санарип документтер” бөлүмүндө автоматтык түрдө пайда болот.
Муну бөлүшүү




