Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу жарык көрдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 12-апрелде, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугунун бет ачары өттү.

15 томдук китептин бет ачарына катышкандар Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы, адамдык бийик парасаты тууралуу сөз кылышты.

Китеп Улуттук илимдер Академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулары тарабынан түзүлүп, редакцияланып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен басылып чыккан.

Чыгармалар топтомуна жазуучунун аңгемелери, повесттери, романдары, эскерүүлөрү, публицистикалары камтылган.

Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликти бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбай сындаган.

Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты