Суусамырдагы алтыгана көйгөйү: 800 гектар жерди каптай баштаган

  • 2 месяца мурун

Суусамырда алтыгана (карагана) бадалы каптай баштаган. Суусамыр өрөөнүндөгү 472 миң гектар жайыт жердин 800 гектарын акыркы жылдары алтыгана каптай баштаган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Суусамырдагы жапайы алтыгана бадалы менен күрөшүүдө министрлик биологиялык жана механикалык ыкмаларды колдонуп иш жүргүзүүдө. Бирок, жыш өскөн тикенектүү бадал жайыттарды, жайлоолорду каптап, адырлардан өтүп, түз жерлерге чейин каптап жаткан учурлар катталууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суусамыр өрөөнүндө алтыгана (карагана) бадалына байланышкан көйгөйлөр менен жеринен таанышып, мамлекеттик тиешелүү кызмат жетекчилерине маселени чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө алтыгана бадалын кайра иштетип, жер семирткич жана тоют чыгаруунун үстүндө иштөө тапшырылды.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты