Суучул Денис Петрашов Германиядагы мелдеште алтын утту

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Германиянын Эссен шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу КРдин Спорттун суудагы түрлөрү боюнча федерациясы билдирди.

Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдешке катышты.

Тандап алуу этаптарында Петрашов 1 мүнөт 0,63 секунда убакыт менен финишке келип, үчүнчү орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алган.

Жарым финалда ал 1 мүнөт 0,27 секунданы көрсөтүп, бешинчи орун менен финалга чыкты.

Финалдык сүзүүдө 59,32 секундалык жыйынтык көрсөтүп, биринчи орунду ээледи. Бул жеңиш менен ал Кыргызстанга алтын медаль алып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты