Жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү жөө жүрүшү өттү (Фоторепортаж)

Бүгүн, 21-ноябрда,  жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнүндө Бишкек шаарында жөө жүрүш уюштурулду.

Иш-чаранын катышуучулары өлкөбүздө күн сайын жол кырсыгы катталып, анда каза тапкандар, кырсыкка учурагандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге бурууга аракет жасашты.

Анда айтылгандай, күнүнө өлкөдө жол кырсыгынан кеминде 2-3 жараныбызды жоготуп жатабыз.  Жол кырсыгынан көз жумган балдардын саны 78ге чейин жеткен.  

Белгиленгендей, жол эрежесин бузгандар эки тараптуу, айдоочу жана жүргүнчү болуп жатат. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар машина айдап калышты, бирок айрымдар жол коопсуздугуна кайдыгер карашууда: жол эрежесин сактабай, машина айдап бара жатып мобилдик телефон менен сүйлөшөт, мас абалында рулга отурат. Ал эми мындай терс көрүнүштөр кырсыкка түздөн-түз себепчи болорун ар дайым эле эске ала беришпейт

Катышуучулар коомчулуктун көңүлүн жол кырсыгы катталганда эле эмес, кырсыктын алдын-алууга буруу керектигин белгилешти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын тургундары, жол кырсыгынан жакындарын жоготкондор, жол кырсыгына кабылгандар, милиция кызматкерлери, жол коопсуздугун  камсыздоо кызматынын кызматкерлери, ЮНИСЕФ жана балдар уюмдарынын ыктыярчылары катышты.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»/Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты