Композитор Казаков, ойлоп табуучулар Усупбаев жана Тургумбаев сыйланды
- 1 year мурун
27-октябрда Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбордун расмий ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун жана Европа патент уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо аземи болду.
Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун алтын медалы менен:
– Автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндө маданий жана социалдык өнүгүүгө, чыгармачылык ишмердикке болгон сый-урматты артырууга кошкон салымы үчүн КРнын эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков;
– Өлкөнүн экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнө, ойлоп табуучулук ишмердикке кошкон салымы үчүн “Ойлоп табуучулук үчүн” номинациясы боюнча медицина илимдеринин доктору, профессор, КРнын эмгек сиңирген дарыгери, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмери Акылбек Усупбаев;.

Европа патент уюмунун В.И. Блинников атындагы Алтын медалы менен “Ойлоп табуучулук ишке кошкон салымы үчүн” номинациясы боюнча техника илимдеринин доктору, профессор, транспорт эл аралык академиясынын (Санкт-Петербург) академиги, билим берүүнүн мыктысы, ойлоп табуучу Жеңишбек Тургумбаев сыйланды.

Сыйлыктарды ЕАПУнун президенти Сауле Тлевлесова жана БУУнун туруктуу координатору, КРдагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело тапшырды.
Сүрөттөр: Кыргызпатент басма сөз кызматы.