COVID-19 пандемиясы учурундагы чектөөлөрдөн улам никеге тургандардын саны 20% азайды

  • 2 года мурун

2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурундагы чектөөлөрдөн улам никеге тургандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдар арасында дагы, эркектер арасында дагы 20-29 жашта никеге тургандардын саны көп (ЖААК органдарында катталган никелердин жалпы санынын 70 пайызга жакыны).

Үй-бүлө кургандарданы дээрлик ар бир тѳртүнчүсү ажырашат: айыл жеринде 1 миң никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы калктуу конуштарда алар 2,2 эсеге кѳп.

Нет описания.
2020-жылы жаш курактык топтор боюнча биринчи жолу никеге тургандардын саны

2020-жылы аялдарда биринчи жолу никеге туруудагы орточо жаш курак 23,4 жашты, эркектерде 27,2 жашты түздү. 2016-жылга салыштырмалуу аялдардардын никеге туруудагы жаш курагы 0,2 жылга тѳмѳндѳдү, ал эми эркектерде, тескерисинче, 0,1 жылга жогорулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты