Советжан Асанкадыр Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Ырчы, обончу Советжан Асанкадыр 7-сентябрдан тартып, Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындалды.

Буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов кол койду.Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министр Азамат Жамангулов тааныштырды.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Тентимиш Мураталиев эмгектенип келген.

Мындан ары Тентимиш Мураталиев аталган окуу жайда мугалимдик кесипти аркалай турганы белгиленди.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты