Сот Равшан Жээнбековду шайлоонун үгүт иштери учурунда абактан бошотуудан баш тартты    

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму  жүрүп жатат.

Равшан Жээнбековдун жактоочусу шайлоонун үгүт иштери учурунда талапкерди бошотуу  өтүнүчү менен сотко кайрылган.    

Сот Азирет Медеров Равшан Жээнбековду бошотуу өтүнүчүн четке каккан токтомун окуду.  

Саясатчы № 26 Бишкек шаарынын Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуп катталган.

Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты