Сот Айзирек Эралиеванын күйөөсүн 18 жылга кести
- 11 месяцев мурун
Ош облусунун Өзгөн райондук соту 31-июлдагы отурумда Айзирек Эралиеванын өлүмү боюнча айыпталган адамга өкүм чыгарды.
Соттун маалымат кызматы кабарлагандай, маркум келиндин кылмышка шектүү күйөөсү 18
жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ага 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Өзгөн райондук соту Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу ишти 30-июлда карай баштаган. Келиндин өлүмүнө айыпталган күйөөсүнө «адам өлтүрүү», куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Быйыл 26-май күнү Өзгөн районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык кечесинен кийин Айзирек Эралиева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Муну бөлүшүү




