Словакияда «Интергельпо» кооперативинин 100 жылдыгына арналган салтанат өттү

  • 2 месяца мурун

28-мартта Словакиянын Жилина шаарында мурдагы Чехословакиядан Кыргызстанга «Интергельпо» кооперативинин биринчи эшелонунун жөнөтүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган расмий иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасындагы ардактуу консулдугу тарабынан уюштурулду. 

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Словакиянын тышкы жана Европалык иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Растислав Хованец, Жилина шаарынын мэри Петер Фиабане жана Чехиянын Словакиядагы элчиси Рудольф Индрак  салтанаттуу иш-чаранын расмий коноктору катарында анын катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Словакиядагы элчиси Төлөндү Макеев бул тарыхый учурдун өзгөчө маанисин белгилеп кетти. Ал ошондой эле словакиялык жана чехиялык интернационалисттер Кыргызстандын өнөр жайынын түптөлүшүнүн башатында туруп, өлкөнүн индустриалдык жактан калыптанышына, жаш Советтик республиканын билимине, илимине жана маданият багытына чоң салым кошкондугун айтты.

Мунун баары XXI кылымда Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо үчүн тарыхый өбөлгөлөрдү  түзгөнүнө көңүл бурду. 

Иш-чаранын алкагында өзгөчө окуя болуп словакиялык тарыхчы Бранислав Красновский даярдаган жана тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегиндин кыргыз тилине которгон “Интергелпо” китебинин бет ачары болду.

Бул китепти басып чыгаруу баш кеңсеси Вена шаарында жайгашкан Кыргызстандын Словакиядагы элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Словакиядагы ардактуу консулу Тибор Подобанын каржылык колдоосу менен мүмкүн болду.

1925-жылдын 29-мартында ошол кездеги Чехословакиянын Жилина шаарынан Советтик Кыргызстандын мурдагы борбору Фрунзеде (азыркы Бишкек) жайгашкан Пишпек темир жол станциясына негизинен чехтерден жана словактардан турган «Интергельпо» кооперативинин мүчөлөрүнүн биринчи эшелону жолго чыккан. Бул тарыхый окуянын элесине, Жилина темир жол бекетинин негизги кире беришине мемориалдык такта орнотулду.

Сүрөт: Тарыхый такта орнотулган жерде. ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты