Шашылыш билдирүү: Жаан жаап, абанын температурасы төмөндөйт
- 10 месяцев мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 16-18-сентябрда өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөгөн жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.
Абанын температурасы төмөндөйт, 16-сентябрда күндүз жана 17-18-сентябрда Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн 6…11 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 17… 22 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 2… 7 градус, күндүз 15… 20 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус жылуу, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9 градус, күндүз 15…20 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 16-21 градус жылуу болот, тоолордо түнкүсүн 0… 5 градус жылуу. Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунда 2…7 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы автотранспорт ишине, байланыш, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарга, мал чарбачылыгына оорчулук келтирерин эскертет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




