Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча соттук отурум 5-апрелде уланат

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык сотунда Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча сот отуруму өттү.

Шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча соттук отурум 5-апрелде саат 14:00дө уланат. Маалымат каражаттары бул күнү соттун чечими чыгарын жазды.

Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.  

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты