Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келет

  • 1 год мурун

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-30-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугуп, орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүктү жана көп тармактуу кызматташтыкты талкуулайт.

Визит «орус-кыргыз мамлекеттер аралык интенсивдүү диалогду, стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык маанайдагы өз ара аракеттенүүнү улантууга жана тереңдетүүгө» багытталганы белгиленген. Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташуу маселелери көп кырдуу орус-кыргыз байланыштарын мындан ары кеңейтүү контекстинде каралат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты