Саунада кыздар менен отурган видеосу тараган милиция кызматкери иштен бошотулду

  • 12 месяцев мурун

Чүй облустук (ИИБ) ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөнүн билдирди.

11-майда социалдык тармактарга бөлмөдө формачан милиция кызматкери жана анын жанында жарым жылаңач кыздар отурганы тартылган видео тараган. Видеодо милиция кызматкери Кант шаарындагы сауналардын биринде экени айтылган.

Териштирүүдө видеого тартылып калган формачан кызматкер, Ысык-Ата райондук ИИБдин кызматкери, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү экендиги аныкталган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын 13-майдагы буйругу менен, мыйзам талаптарын, укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ИИБдин аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д. укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулду.

Кызматкерлердин ишине тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн, Ысык-Ата райондук ИИБдин жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерге (жалпы 8 кызматкерге) катуу сөгүш, сөгүш берилди.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты