Сауд Өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн доллар бөлүүнү карап чыгат
- 4 дня мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту.
Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад Фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантуу ниетин ырастады.
Бул контекстте Сауд Өнүктүрүү фондц Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүүнү карап чыгары белгиленген.
Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.
Сүрөт: president.kg