Садыр Жапаровдун Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча түзгөн комиссиясы мыйзамсызбы? Текшеребиз

Президент Садыр Жапаров  3-июнь күнү мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы боюнча комиссия түзгөнүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирген.

“Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз”, — деген мамлекет башчы. 

Садыр Жапаровдун Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча түзгөн комиссиясы мыйзамсызбы? Текшеребиз

Депутат Исхак Масалиев тергөө жүрүп жаткан учурда комиссия түзүлбөй турганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Окуянын чоо-жайы

2-июнда Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Мындан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды.

Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 

Президент Садыр Жапаров комиссия түзүп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жана башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткен.

“ПолитКлиника” медиасы кандай учурда комиссия түзгөнгө жол бериле турганын текшерип көрдү.

Комиссия кандай учурда түзүлөт?

Конституцияга ылайык, президентти жана Жогорку Кеңештин депутатын жоопкерчиликке тартууда гана комиссия түзүлөт. Комиссия Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлөт.

Баш мыйзамдын 73-беренесине ылайык, президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо депутаттардын жалпы санынын үчтѳн экисинин добушу менен кабыл алынышы керек. Ал Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет.

Садыр Жапаровдун Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча түзгөн комиссиясы мыйзамсызбы? Текшеребиз

Ал эми Конституциянын 78-беренеси боюнча,  депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.

Садыр Жапаровдун Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча түзгөн комиссиясы мыйзамсызбы? Текшеребиз

Конституцияга ылайык, комиссия эки учурда гана түзүлөт. Президент тарабынан түзүлүп жаткан комиссия мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси боюнча, тергөө амалдары эркин жана көз карандысыз негизде жүргүзүлүшү керек. 

Садыр Жапаровдун Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча түзгөн комиссиясы мыйзамсызбы? Текшеребиз

Ага президент же башка күч түзүмдөрү да кийлигишүүгө акысы жок. 

Жыйынтык: Кылмыш ишин козгоо боюнча комиссия эки учурда гана түзүлөт. Убактылуу кызматынан четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан түзүлгөн комиссия мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты