Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Кытайга барат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 3-февралда иш сапары менен Кытай Эл Республикасына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Пекин шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат жана КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

«Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланат. Мындан тышкары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат», — деп айтылат маалыматта.

Кулубаев жолугушууда талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу маселеси экенин белгиледи.

«Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”, — деди Кулубаев.

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары 6-февралда аяктайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты