Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн Фейсбук баракчасында жарыялады. 

Өлкө башчысы бул Кыргызстандын ынтымагы жана биримдиги  үчүн жасалганын белгилеген.

Баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз «Акаевчи», «Бакиевчи», «Атамбаевчи» “Отунбаевачы” “Жээнбековчу” “доконцачы” жана башка «чылар» дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!”,— деп жазган Жапаров. 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууга Кыргызстандын мурдагы президенттеринин баары: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышканын билдирген. 

Бул кабар социалдык тармактын колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерге жол ачып, кээ бирлери президент Садыр Жапаров бул кадамы менен Конституцияны бузганын жазып чыгышкан.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы президент Садыр Жапаровдун мурдагы өлкө башчылары, анын ичинде бозгундагы президенттер менен жолугушуусунда мыйзам бузулуп же бузулбаганын текшерип көрдү. 

Мурдагы президенттер жана “Кечирүү” операциясы 

Садыр Жапаров 2021-жылы январь айында эгемен Кыргызстандын алтынчы президенти болуп шайланган. Жапаровдун президенттик мөөнөтү башталгандан кийин Кыргызстандын мурдагы президенттерге карата мамилеси түрдүү багытта өзгөрө баштаган. 

“Аскар Акаевдин кылмыш ишинин кыскарышы Бакиевдин реабилитациясыбы?”

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. Ал өлкөдөгү коррупциялык схемаларды баштоого жана кландык башкарууга өтүүгө айыпталып келет.  2002-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин саясатына каршы чыккан карапайым элге ок атылып, алты адам набыт болгон. Тарыхта бул күн “Аксы окуясы” деген ат менен белгилүү. Акаев 2005-жылкы Март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. 

2021-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин бозгундагы президент Аскар Акаевге карата козголгон бир канча кылмыш иши кыскартылган. Бул коомдо түрдүү пикирлерге жана нааразычылыктарга жол ачкан. 

Туңгуч президент Аскар Акаевдин кылмыш иши кыскаргандан кийин коомчулук арасында “Эми Бакиев акталып келеби?” деген өндүү пикирлер пайда боло баштаган. 

Белгилей кетсек, Курманбек Бакиев 2005-жылы Март ыңкылабында ошол кездеги президент Аскар Акаев тактан кулатылган соң бийликке келген.

Бакиев башкарып турган мезгил саясий негизде адам өлтүрүү, баласы Максимдин рейдерлик жоругу, авторитаризм, журналисттерди коркутуу жана өлтүрүүлөр менен белгилүү.

Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Курманбек Бакиевге козголгон кылмыш иштери

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында  мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин 2016-жылы Жогорку сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата мурда чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылдык жаза мөөнөтүнө өзгөрткөн. Жогорку сот бул чечимин Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесине ылайык, алтымыш жашка чыккан адамдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт деген нормага таянып чыгарган. 

Белгилүү болгондой, Курманбек Бакиев жана  анын туугандары төмөнкү кылмыштарга айыпталышкан:

  • «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы өзгөчө артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;
  • «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
  • «Ысык-Көл» компаниясынын 20% акциясын сатууга мажбурлоо;
  • Максим Бакиев жана ага жакын адамдардын Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Учкун» басмаканасынын жанындагы 904,6 м² имаратты жана 0,385 га жерди мыйзамсыз менчиктеп алуулары;
  • «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;
  • «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;
  • 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү үчүн.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жогоруда аталган бардык кылмыштар үчүн Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга кесилип, издөө жарыяланган. 

Башкы прокуратура 2021-жылы 4-августунда мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алына турганы тууралуу билдирүү тараткан.

2023-жылы 17-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келсе токтоосуз камала турганын Кактус.кж маалымат сайтына дагы бир жолу ырастаган. 

Ошондой эле, 2021-жылы 8-июлда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев  мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевге изилдөө жарыяланганын айткан эле. 

Мыйзам бузулдубу? 

Баш мыйзамдын 66-беренесине ылайык, Кыргызстандын президенти ички жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесине ылайык “Өзгөчө оор кылмыштарды жасоого айыпталганы жана бул чечим күчүндө болгону үчүн ал дагы деле “издөөдө” болуп саналат.

Юрист Канат Хасанов президент Садыр Жапаровдун бул кадамын мыйзам боюнча “Кылмышты жашыруу” беренеси менен кароого болорун билдирди. 

Аталган берене Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинде көрсөтүлгөн

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Аталган беренеге ылайык, өзгөчө оор кылмышты же айыпталгандарды жашырууда айып пул жана беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. 

Ал эми республиканын аймагында кылмыш кылып, бирок издөөдө жүргөн адам болсо ошол өлкөдөгү тиешелүү органга кайрылуу менен “экстрадиция” кылуу жолдору Кылмыш-процессуалдык кодексинин 65-бөлүмүндө каралган. 

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Аталган мыйзамга ылайык, эгерде Башкы прокуратура тарабынан кылмышкердин күнөөсү далилденген болсо, тиешелүү эл аралык келишимдерге ылайык чара көрүлөт. 

Белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын мурдагы президенттери Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында жолугушкан. Бириккен Араб Эмираты менен Кыргызстандын ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу 2014-жылдан баштап бекемделе баштаган. 

Башкача айтканда, эгерде Кыргызстан Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча өтүнүч жибергенде бул суроо БАЭнин жана эл аралык келишимдердин негизинде каралуу мүмкүндүгү бар эле дегенди билдирет. 

Жыйынтык: Өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн күнөөлүү деп табылган мурдагы президент Курманбек Бакиев менен президент Садыр Жапаровдун жолугуушусу Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине каршы келет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты