Кумтөр иши: Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды

  • 1 год мурун

«Кумтөр иши» боюнча Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматовдун маалыматына таянып жазды.

Акматов Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылганын билдирген.

Анын айтымында, Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы мамлекет башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу,  1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык мамиле кылган деген айыптар коюлган.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Аскар Акаев 2021-жылы «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акаев УКМКга сурак берип, тергөө менен кызматташа турганын билдирген.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты