Садыр Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысы Бахтиёр Саидовду кабыл алды
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы экономика, инвестиция жана маданият тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Айрыкча Камбарата ГЭС-1ди жана “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорго басым жасалды.
Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый жана маданий жакындыгын баса белгилеп, министр Саидовдун сапарын стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин далили катары баалады.
Бахтиёр Саидов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана каалоо-тилектерин жеткирип, коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн толук даяр экенин билдирди.
Садыр Жапаров Өзбекстандын башчысына салам жолдоп, министр Саидовго жооптуу ишине ийгилик каалады.




