Садыр Жапаров: Орус тилсиз Кыргызстандан алыс чыга албайбыз
- 2 недели мурун
Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине 5-июлда курган маегинде орус тилинин Кыргызстандагы орду жөнүндө айтты.
Ал Москвага барганда орус президенти Кыргызстанда орус тилине болгон мамиле үчүн ыраазычылык билдирген. Өлкө башчы Жапаров бир катар аткаминерлер тарабынан орус тилдин макамын өзгөртүү тууралуу айтылган сунуш-аракеттер туура эмес экенин белгиледи.
«Орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мисалы КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коеюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус, англис тилин да билишибиз керек», — деди Жапаров.
Орусия Кыргызстанда тогуз мектеп куруп, аларда орус тилинде билим берилет.