Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат
- 11 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытайга иш сапары менен барат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Анла айтылгандай, Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык саясат маселелерин талкуулашат.
Тяньцзин саммитинин жыйынтыгында Уюмга төрагалык Кыргыз Республикасына өтөт,
Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Тяньцзин декларациясына кол коюлат.
Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Кытайга иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ошондой эле Си Цзиньпин менен жолугушуу болот.
Сүрөт: Интернет булактарынан




