Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты