Садыр Жапаров: “Биздин өлкөдө эч качан сөз эркиндигине кысым болбойт”
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 5‑июлда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Президент Садыр Жапаров сөз эркиндиги тууралуу суроого жооп берип, журналист Канышай Мамыркулова боюнча дагы пикирин билдирген.
“Биздин өлкөдө эч качан сөз эркиндигине кысым болбойт. Буга кыргыз эли да жол бербейт. Себеби кыргыз эли эркин жүргөн эл. Ал эми Канышайдыкы болсо ал сөз эркиндиги эмес. Мейли бизди кандай сындаса ошондой сындай берсин, биз сынын көтөрөбүз. Аныкынан чоң сындарга деле көңүл бурбай иштеп келе жатабыз. Бирок Тажикстан менен чек ара маселеси жакшы чечилип бүтүп жатканда эки өлкөнүн ортосуна от жакканы бул сөз эркиндигине жатпайт. Бул жоопкерчиликсиз нерсе. Кудай анын бетин ары кылсын эгер кайрадан согуш чыгып кете турган болсо Канышай барып согушпайт эле. Ал тили менен сайрап эки мамлекетти кагыштырып коюп Бишкекте олтура берет”, — дейт президент Садыр Жапаров.