Садыр Жапаров Балыкчыдагы оңдолгон автобекетти көрүп чыкты
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн автобекетке барып, анын абалы менен таанышты. 1970-жылдары курулган бул автобекет мурда жеке менчикте болуп келген. 2025-жылдын апрель айында ал шаар мэриясынын менчигине өтүп, толук реконструкцияланган.
Жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттар түзүлүп, мейманкана жана кызматкерлер үчүн жатакана иштеп жатат. Мамлекет башчысы күтүү залы, диспетчердик бөлүм жана кызматтык бөлмөлөрдү көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.
Тургундар бала бакча, мечит жана башка социалдык объектилер боюнча сунуштарын айтышты. Шаар мэри Баатырбек Жантаев Президентке Балыкчыдагы көрктөндүрүү иштери, анын ичинде жаңы базар куруу жана жол тыгындарын жоюу боюнча пландарды тааныштырды.
Муну бөлүшүү




