«Сөз эркиндиги боюнча Европа, Америкадан озуп кеттик». Мурат Укушевдин манипуляциясы

15-ноябрь күнү Бишкекте “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. 

Анда ЖМКлардын жана жарандык коомдун сынына кабылган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын автору, КР Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушов да сөз сүйлөдү.

Мурат Укушов ЖМК жөнүндөгү мыйзам жаңылоого муктаж экенин белгилеп, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча өнүккөн өлкөлөрдөн озуп өткөнүн айткан:

“Урматтуу журналисттер! Мен баарыңыздарды сыйлайм. Анткени мен да жазып жүргөн адаммын. Менин 200дөн ашык бийлик, конституциялык мыйзам маселелери боюнча макалаларым интернетте жүрөт. Ошондой эле көпчүлүккө маалым болгондой, биз сөз эркиндигинин деңгээли боюнча мындан көп жыл мурда эле, Евросоюздун мамлекеттерин жана АКШны озуп өткөнбүз”, — деп айткан.

“ПолитКлиника” медиасы Мурат Укушовдун айтканын текшерип көрдү. 

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 72-орунда турат 

Маалымат эркиндигин коргогон “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жыл сайын “Басма сөз эркиндигинин” дүйнөлүк рейтингин жарыялап турат. 2022-жылга карата Кыргызстан бул рейтингде 180 мамлекеттин ичинен 72-орунду ээлеген. 

"Сөз эркиндиги боюнча Европа, Америкадан озуп кеттик". Мурат Укушевдин манипуляциясы

Уюмдун отчетунда Кыргызстан туруксуз экономикага жана «мамлекеттик органдардагы коррупцияга» карабай «салыштырмалуу түрдө сөз жана басма сөз эркиндигине ээ» болгондуктан, Борбор Азияда өзгөчө өлкө экени айтылат. Бул коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла жакшы көрсөткүч. Анткени бул рейтингде Казакстан 122-орунда, Өзбекстан 133-сапта Тажикстан 152-орунда, ал эми Түркмөнстан 177-орунда турат. Ошентсе да, Кыргызстан Европа жана АКШдагы басма сөз эркиндигин эч качан озуп өтө алган эмес. 

“ПолитКлиника” медиасынын сөз эркиндиги боюнча дата-анализинде, Кыргызстан 2012-жылы басма сөз эркиндигинин рейтингинде 109-орунда болсо 2021-жылы 78-орунга көтөрүлгөнүн жана бул уюмдун рейтингиндеги Кыргызстандын эң жакшы көрсөткүчү болгонун аныктап чыккан. 

"Сөз эркиндиги боюнча Европа, Америкадан озуп кеттик". Мурат Укушевдин манипуляциясы

Ал эми “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун рейтингинде Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы алдыңкы орундарды ээлешет. Мисалы, Дания сөз эркиндиги боюнча рейтингде 2-орунда, Швеция 3-орунда турат. Ал эми АКШ 2022-жылы 42-орунду ээлеген.  

"Сөз эркиндиги боюнча Европа, Америкадан озуп кеттик". Мурат Укушевдин манипуляциясы

Бул рейтинг жыл сайын өзгөрүп турса да, көп жылдардан бери Европа биримдигине кирген өлкөлөр басма сөз эркиндиги боюнча лидер өлкөлөр катары алдыңкы саптардан орун алып келет. 

Ал эми Мурат Укушов мисал кылган жана ЖМК жөнүндөгү мыйзамда өрнөк өлкө катары көрсөткөн Орусия бул рейтингде 155-орунда Афганистан менен катарлаш жайгашкан

КР Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушов өз сөзүндө сөз эркиндиги боюнча рейтингди айтып, бирок кайсы рейтинг экенин так белгилеген эмес. 

Дүйнөлүк уюмдар тааныган дагы бир Freedom House’тун рейтингин алып көрө турган болсок, Кыргызстан 2022-жылга карата глобалдык демократия боюнча “Эркин эмес” жана интернет эркиндиги боюнча “жарым-жартылай эркин өлкө деп таанылган. Бул рейтингде да Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ алдыда. 

2021-жылдан кийин Кыргызстанда ЖМКларга болгон кысым күчөдү 

“ПолитКлиника” медиасынын дата журналисттери аныктап чыккандай, 2021-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, ЖМКларга болгон басым күчөгөн. 

Анын ичинде журналисттерге кол салуу, ЖМКны коркутуу жана сөз эркиндигин жарга такаган мыйзам долбоорлору тууралуу жаңылыктардын саны кескин өскөн.

"Сөз эркиндиги боюнча Европа, Америкадан озуп кеттик". Мурат Укушевдин манипуляциясы

Кийинчерээк ЖМКны жана жарандык коомду коркутуу, аларга кысым көрсөтүү күч алды. Мындай учурлардын көбү 2021-жылдын жазына туура келет. Дал ушул мезгилде бейөкмөт уюмдарга каршы митингдер өткөн, ал эми журналисттер суракка алынып, аларга карата кылмыш иштери козголгон. Мындан тышкары бийлик өкүлдөрү эл менен жолуккан учурда дагы журналисттерге кол салуу учурлары катталган

Буга чейин бир катар медиа уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканы тууралуу билдирүү тараткан. Билдирүүдө 2022-жылдын башынан бери эле Temirov Live, Kaktus.Media жана Next телеканалынын редакцияларына профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу үч «кылмыш иши» козголгону белгиленген. 

Ал эми “Азаттык” медиасынын эки айга жабуу чечиминин кабыл алынышы да, жарандык коомдо көз карандысыз медиага болгон басым катары сыпатталууда. 

Ошол эле учурда бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бузулбаганын, маалымат каражаттарына басым жок экенин байма-бай айтып келет.

Мындан сырткары, КР Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушов демилгелеп жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы долбоор Орусиялык эски мыйзамдын плагиаты экени жана эркин медианы чектөөгө багытталган мыйзам экени айтылып келет. 

Жыйынтык: Мурат Укушовдун Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Европаны жана АКШны озуп өттү деген маалыматы манипуляция. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты