ЖМК жөнүндөгү мыйзамды жаңылайбыз деп, Россиянын андан да эски мыйзамын көчүрүп алган (Фактчекинг)

15-ноябрь күнү, Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана “Адилет” Укуктук клиникасы Кыргызстан медиасынын аракеттер платформасы менен биргеликте “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” деген аталыштагы тегерек стол уюштурган. 

Иш-чарага депутаттар, Президенттин администрациянын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышкан.

Жыйында Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандагы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзамы 30 жыл мурун кабыл алынгандыктан актуалдуулугун жоготуп койгонун, мыйзамга өзгөртүүлөр ушул себептен киргизилип жатканын айткан.  

“Кыргызстандагы ЖМКлардын ишмердүүлүгү тууралуу сунушталып жаткан долбоордун негизги максаты азыркы учурдагы ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын моралдык жактан эскирип калганына байланыштуу. Баарыбыз билгендей Массалык маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. 30 жыл ичинде Кыргызстанда журналисттердин жаңы мууну келди. Иштөө механизмдери жана маалымат жайылтуунун жаңы ыкмалары пайда болду. Жогоруда белгилеп кеткендей, долбоордун негизги максаты, ЖМК жөнүндөгү мыйзамды актуалдаштыруу”, — деп билдирген Эрбол Султанбаев. 

“ПолитКлиника” медиасы ЖМКлардын ишмердүүлүгү боюнча сунушталып жаткан долбоорду анализдеп, пресс катчынын айткандарын текшерип көрдү. 

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору

28-сентябрь күнү Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган

Долбоордун маалымкат негиздемесинде  учурда колдонулуп жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам “моралдык жактан эскирип”, азыркы коомчулуктун талабына дал келбей калганы айтылат.

Азыркы учурда колдонулуп жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Мыйзамга ошол учурдагы президент Аскар Акаев кол койгон. Мыйзам 27 беренеден туруп, өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү жана тартиптери тууралуу түшүнүктөрдү камтыйт.

Ал эми азыркы учурда сунушталып жаткан долбоор 54 беренеден турат. 

“Адилет укуктук клиникасынын” юристтери билдиргендей сунушталып жаткан мыйзамдын 11,8%ы гана Президенттин администрациясы тарабынан жазылып, калган 88,2%ы Орусиянын ЖМК жөнүндөгү мыйзамынан көчүрүлүп алынган. 

ЖМК жөнүндөгү мыйзамды жаңылайбыз деп, Россиянын андан да эски мыйзамын көчүрүп алган (Фактчекинг)

Contentuniq.com сайтынан долбоордун уникалдуулугун текшерип көргөнүбүздө, тексттин 10%гана мыйзам долбоорун сунуштагандарга таандык экени белгилүү болду. 

ЖМК жөнүндөгү мыйзамды жаңылайбыз деп, Россиянын андан да эски мыйзамын көчүрүп алган (Фактчекинг)

Анализ көрсөткөндөй, сунушталып жаткан долбоор, Орусиянын “ЖМК жөнүндөгү” мыйзамына 80% окшош. 

Kloop медиасынын журналисттери аныктагандай, Президенттин администрациясы тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунун  83%ы  Орусиянын “ММК жөнүндөгү” мыйзамынан көчүрүлгөн. 

ЖМК жөнүндөгү мыйзамды жаңылайбыз деп, Россиянын андан да эски мыйзамын көчүрүп алган (Фактчекинг)

Ал эми мыйзамдын демилгечилеринин бири Мурат Укушев да “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” тегерек столунда, сунушталып жаткан долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн моюндаган. 

Орусиянын мыйзамы Кыргызстандыкына караганда эскирээк 

Президенттик администрациянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы ЖМК жөнүндө мыйзамды жаңылоонун себеби катары азыркы мыйзамдын 30 жыл мурда кабыл алынгандыгына байланыштырышкан. 

Бирок, көпчүлүк беренелери көчүрүлүп алынган Орусиянын ЖМКнын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамы Кыргызстандыкына караганда эскирээк. Орусиянын ЖМК тууралуу мыйзамы 1991-жылы 27-декабрда кабыл алынып, ошол учурдагы президент Борис Ельцин кол койгон. 

ЖМК жөнүндөгү мыйзамды жаңылайбыз деп, Россиянын андан да эски мыйзамын көчүрүп алган (Фактчекинг)

Башкача айтканда, Кыргызстандын ЖМК тууралуу азыркы мыйзамы Орусияныкына караганда бир жылга жаңыраак болуп саналат. 

Мыйзамдын түпкү максаты эмнеде? 

“Адилет укуктук клиникасынын” юристтеринин талдоосу боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу түрдө коркунуч келтирет. 

“Талдоо көрсөткөндөй, биздин өлкө катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясы менен корголгон сөз эркиндигине карата, адам укуктарынын кепилдиктеринен мыйзамсыз жана жол берилгис четтөөлөрдүн олуттуу тобокелдиктери бар. Мыйзам долбоорунун айрым жоболору көз карандысыз

жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирет. Атап айтканда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана кийлигишүү үчүн мамлекетке негизсиз кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. Бир катар негиздемелердин жана талаптардын киргизилиши каралууда, айрым чектөөлөр жана тыюулар өтө бүдөмүк берилген, ал эми алардын сакталбашы ЖМКнын жоюлушуна алып келет”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан сырткары, Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын редакторлору жана негиздөөчүлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, сунушталып жаткан мыйзам долбоору көз карандысыз ЖМКларга карата басым жасоо аракети деп баалашкан.

Белгилей кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда эгер мыйзам кабыл алына турган болсо эгер ЖМК 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайрадан каттоодон өтүшү керектиги, ал эми каттоодон өтпөгөндөрү жоюлду деп эсептелинери жазылган. Ал эми тегерек столдун жыйынтыгында Президенттик администрация мыйзам долбоорун кайра карап, толуктоолорду киргизүү үчүн жумушчу топ түзүү боюнча журналисттерге сунуш киргизишти. 

Жыйынтык: Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы сунуштап жаткан мыйзам, Орусиянын эски мыйзамынан алынганы чын.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты