Руслан Ставриди куурчак театрдын директору болуп дайындалды

  • 10 месяцев мурун

 Ставриди Руслан Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ставриди Руслан 1963-жылы 8-декабрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандандан кийин, 1981–1982-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык студиясында билим алган. 1982-84-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы республикалык куурчак театрында актёр болуп баштаган.

2009-2023-жылдан баштап Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 1-категориядагы техникалык тейлөөчү кызматкери, 2023-жылдан бери куурчак театрдын директорунун орун басары болуп эмгектенип келген.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты