«Рух Санат» фестивалынын алкагындагы эл аралык жыйын аяктады

  • 10 месяцев мурун

Чолпон-Ата шаарындагы дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында өткөн «Салттуу маданият жана искусство: сактоо жана өнүктүрүү маселелери» темасындагы эл аралык илимий конгресс ийгиликтүү аяктады.

Эки күндүк иш-чарага 20 өлкөдөн 80ден ашуун илимпоз жана эксперттер катышып, жалпысынан 80 илимий доклад сунушталып, алардын 17си онлайн форматта угулду.

АКШ, Россия, Венгрия, Түштүк Корея, Чили, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулар салттуу музыка, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча баяндамалар жасашты.

Иш-чарада салттуу искусствону глобалдашуу доорунда сактоо жана актуалдаштыруу маселелери башкы талкуу темалары болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты