Өрттөн үй ээси каза тапты

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндөгү үйдөн 10-ноябрга караган түнү өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үйдүн 90 ч.м. чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө түнкү саат 03:28де Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 03:46да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан кошумча 1 бөлүм тартылган.

Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен үй ээси (1991-ж.т. А.У.) көмүр кычкыл газына ууланган, жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты