RSF: Кыргызстанда да, дүйнөдө да сөз эркиндиги чектелип жатат 

  • 3 месяца мурун

Кыргызстан 3-майда жарык көргөн дүйнөлүк сөз эркиндигинин индексинде 120-орунду ээледи. Мындай көрсөткүчтү “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баяндамасынан көрсө болот.

Бул коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла жакшы көрсөткүч: Казакстан 142-орунда, Өзбекстан 148-сапта, Тажикстан 155-орунда, ал эми Түркмөнстан 175-катарда турат. Ошондой болсо дагы али сүйүнгөнгө эрте. Мурунку жылдарга салыштырмалуу, Кыргызстандын бул рейтингдеги орду акыркы эки жылдын ичинде кескин төмөндөп кеткен. 

RSF: Кыргызстанда да, дүйнөдө да сөз эркиндиги чектелип жатат 

2023-жылга салыштырмалуу, быйыл Кыргызстан эки орунга жогору жайгашкан. Бирок, баяндамачылардын айтымында, көрсөткүчтүн жогорулашы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин шарттары жакшыруусу менен эмес, башка өлкөлөрдөгү абалдын оорлошуна байланыштуу. 

Баяндамада 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, журналисттердин иш шарттары жана абалы изилденген. “Чек арасыз кабарчылар” уюму жалпысынан Чыгыш Европада жана Борбор Азияда сөз эркиндигин абалы кескин начарлап кеткени,ал эми өлкө бийликтери жана саясий күчтөр медиа каражаттарын көбүрөөк дезинформацияны жайылтуу каналдары катары колдонуп жатканын белгиледи. Журналисттер иштеген абалга баа берүү үчүн өлкөдөгү саясий, укуктук, экономикалык, социалдык-маданий контекст жана коопсуздук көрсөткүчү эске алынат.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавельенин “Азаттыкка” курган маегинде былтыркыга салыштырмалуу, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы өзгөргөн эмес: 

«Жалпысынан кырдаал Чыгыш Европада жана Борбор Азияда начарлап кетти. Эки өлкө өз категорияларын өзгөртүштү. Грузия «сөз эркиндиги маселе туудурган мамлекет» деген категориядан бул багытта «кырдаал оор» деген категорияга өттү. Ал эми Өзбекстан оор кырдаалдан абдан оор кырдаалга которулду. Былтыр Кыргызстандын рейтинги кескин төмөндөп кеткенден кийин быйыл деле эч кандай жакшы жылыш болгон жок. Тескерисинче, дагы оорлошту. Маселен, коррупциянын бетин ачуу менен алектенген 11 көз карандысыз журналист быйыл январда камалды. Орус мыйзамын кайталаган, президент Садыр Жапаров кол койгон «чет элдик өкүл тууралуу» мыйзам да өлкөдөгү сөз эркиндигине кандайдыр бир сокку ургандай болду. Тактап айтак, быйыл Кыргызстандын саясий рейтинги кескин төмөндөдү. Кыргызстан аймакта Азербайжан жана Өзбекстан менен биргеликте саясий көрсөткүчү начар мамлекеттердин ичинен рекордсмен болуп саналат», — деди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун өкүлү.

Аны менен бирге Чыгыш Европа менен Борбор Азияда маалымат каражаттарында Орусиядагы репрессияларды туураган цензура күч алды дейт «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавелье.

Буга чейин Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайты бөгөттөлүп, “24.kg” агенттигинин кеңсеси тинтүүгө алынган. Ал эми 2024 жылдын башында “ТемировЛайв” редакциясынын кеңсеси тинтүүгө алынып, 11 журналисттин үйлөрүндө тинтүү жүрүп,  камакка алынышкан. Мындай кадамдарды бир канча эл аралык уюмдар сөз эркиндигине кысым катары баалашкан.

Андан кийин Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга кол коюп, ошол эле учурда аларга куугунтук болбосуна кепилдик берген. Жуздөгөг ата-мекендик жана эл аралык уюмдар Садыр Жапаровду бул мыйзамга кол койбоого чакырышкан. Надира Нарматова авторлук кылган бул мыйзам Орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү экенин журналисттер аныктап чыгышкан. Аны менен менен бирге журналисттердин жумушун татаалдаштыруу мыйзамдарын да кабыл алуу аракеттери болуп келет.

Бийлик өлкөдө сөз эркиндигине кысым жоктугун, журналисттердин иштешине бардык шарттар бар экенин белгилеп келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты