Республикалык кан борборуна 500гө жакын адам чек ара чырынан жабыркагандар үчүн ыктыярдуу донор болушту

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-сентябрда Республикалык кан борборуна 500гө жакын адам Баткен облусунун жабыркаган тургундары үчүн ыктыярдуу донор болуп келишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев белгилегендей, бүгүн Бишкек шаарынын көптөгөн жашоочулары кан тапшырууга келди. « Түшкө чейин кан алынып, азыр канды даярдоо иштери жүрүп жатат. Кан борбору эртең да эс алуу күнгө карабай иштейт”,-деди Бакыт Карабаев.

Эскерте кетсек, жабыркагандарга кан тапшырууну каалаган жарандар Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр., 60. Республикалык кан борборуна кайрылса болот.

Иш убактысы:

дүйшөмбү-жума саат 8:00дөн 14:00гө чейин;
Ишемби күнү 8:00дөн 12:00гө чейин.

Жаныңарда паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болуш керек.

Кан тапшыруу процедурасынын алдында бардык майлуу, куурулган, сүт азыктарын жебеш керек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадагы чырда 122 адам жабыркады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты