Республикалык диагностика борбору балдар ооруканасы болуп кайра түзүлөт

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы республикалык диагностика борбору балдар ооруканасы болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Саламаттык сактоо министрлигинин Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевдин маалыматына таянып жазды.

Жумакеевдин айтымында, көп профилдүү оорукана ушул жылдын соңуна чейин ишке кирет.

«Республикалык диагностика борбору боюнча эки жылдан бери анализ жүргүзүлдү. Биринчиден, бул борбор акчасын актай алган жок. Бүгүнкү күндө 10 млн. сомдой карызы бар, ал жакта иштегендер маяналарын дагы ала элек. Экинчиден, Бишкек шаарындагы кырдаалды көрүп жатабыз. Оооруган балдардын саны көбөйүп, балдар ооруканасына батпай, кезек күтүп жатышат. Ошол маселени жоюп, сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн ушундай чечим кабыл алынган», — деп билдирген Жумакеев.

Республикалык диагностика борбору – ооруну аныктап, жардам көрсөтүүчү амбулаториялык медициналык мекеме катары 1990-жылы уюшулган. Орточо эсеп менен күнүнө 800–900 бейтапты кабыл алып, 600дөй ар кандай ооруларды изилдей турганы айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги соңку учурда борборго кайрылгандардын саны кыскарганын билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты