Кыргызстанда 16 жаштан ашкан өспүрүмдөр жана кош бойлуу айымдар коронавируска каршы эмделе баштайт
- 3 года мурун
Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы жаңы категориядагы жарандарды — 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизген айымдарды эмдөө жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-ноябрына карата республика боюнча коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасы менен калктын 46%ы, экинчи дозасы менен 37%ы эмделди.
Министрлик билдиргендей, 8-ноябрга карата эпидемиологиялык абалды баалоо матрицасы боюнча, Бишкек шаары кызыл зонада, Чүй, Ысык-Көл, Талас облустары сары зонада, ал эми Нарын облусу жана өлкөнүн түштүк аймагы жашыл зонада болгон.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата Бишкек шаары кызыл зонадан сары зонага өтүп, өлкөнүн калган бардык облустары жашыл зонага кирди.