“Райымбек Матраимов Маргулан Сейсембай басып өткөн жолду кайталап жатат”. Маалымат чындыкка канчалык жакын, текшеребиз
- 3 года мурун
- Фактчекинг
Өткөн жумада “Кабарлар” маалымат порталында “Райымбек Матраимов Маргулан Сейсембайдай болуп дүйнөгө кызмат кылат” аталышындагы материал жарык көрдү. Анда өзүн блогер атаган Бакыт Сулайманов аттуу адамдын казакстандык бизнесмен Маргулан Сейсембай менен Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду салыштырган видеосу маалыматтык жүйө катары көрсөтүлгөн. Аталган видеодо Матраимовдун Маргулан Сейсембаев басып өткөн жолду кайталап жатканы айтылат.
Бул кабар социалдык тармактын колдоонуучулары арасында кайчы пикирди жаратты. Айрымдар бул салыштырууну “күлкү келтирерлик” деп бааласа, айрым колдонуучулар авторду колдогон билдирүүлөрдү калтырышкан.
ПолитКлиника медиасы жогоруда аты аталып жаткан эки адамдын өмүр таржымалына ачык булактардагы фактылардын негизинде анализ жасап көрдү.
Маргулан Сейсембаев деген ким?
Маргулан Сейсембаев — казакстандык инвестор, коомдук ишмер жана бизнесмен.
Малчылыктан бизнеске карай
Маргулан Сейсембаев 1966-жылы 2-ноябрда Казакстандын Жезказган шаарында төрөлгөн. Балалыгы жана өспүрүм курагы Жезказган облусунун Улытау районунда өткөн. Маектеринин биринде атасы агроном болгондуктан совхоздон сохвозго көчүп жүрүп отурушканын айтканы бар. Мектепти аяктагандан кийин Сары-Кенгир совхозунда 2 жыл чабан болуп иштеген. Андан соң атасынын жолун улай балчылыкка өтүп, жарым жыл улук балчы болуп эмгектенген.
1987-жылы Алматы шаарындагы Киров (азыркы Аль-Фараби) атындагы мамлекеттик университетке тапшырып, укук таануу багында билим алган. Студент кезинде 2 жыл бою колуна сөздүк байлап жүрүп, өз алдынча англис тилин үйрөнгөн. Өзүнүн айтымында, казак тилинен тышкары орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
1991-жылы 4 жана 5-курсту экстерн менен бүтүрүп, университетти мөөнөтүнөн мурда кызыл диплом менен аяктаган.
Университетти аяктагандан кийин дароо эле “Сеймар коммерция” аттуу ишкананы негиздеп, эмерек сатуу менен алектене баштаган. Андан соң КМШ өлкөлөрүнө буудай экспорттоого өткөн.
Маргулан Сейсембаевдин карьерасындагы урунттуу учурлар:
- 1992-жылы “Сеймар” концернин негиздеген.
- 1995-1997-жылдары бүтүндөй Казакстан боюнча тоок фабрикаларын сатып алып, 1998-жылы “Алматыкус” компаниясын ачкан. Ишкананын директору болуп бир-тууганы Аскар Галин дайындалган.
- 2001-жылы аймактык “Иртышбизнесбанкын” сатып алып, аны “Альянс банк” акционердик коомуна өзгөрткөн.
- 2002-жылы Казакстандагы эки уюлдук оператордун бири “Картел” компаниясын сатып алган.
- 2003-жылдан тартып өзү негиздеген “Рис Казакстана” ЖАКынын Директорлор кеңешинин төрагасы.
- 2003-2005-жылдары өзү негиздеген “Алель Агро” ЖАКынын Директорлор кеңешинин төрагасы.
- 2003-жылдын 3-октябрынан 2004-жылдын 26-апрелине чейин “Казакстан кагазы” АКынын Директорлор кеңешинин төрагасы.
- 2004-жылы “Картел” уюлдук операторун орусиялык “Вымпелком” компаниясына 425 млн долларга саткан.
- 2004-жылы Кыргызстандын “Бител” уюлдук операторунун акциясын сатып алган.
- 2005-жылы “Бителдеги” акциясын орусиялык МТС компаниясына 320 млн долларга саткан.
- 2007-жылы Сейсембаевдин “Альянс Банкы” Лондон фондулук биржасына чыгып, наркы 4 млрд долларга бааланган.
- 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча “Альянс Банктын” өздүк капиталы 1 млрд 350 млн долларды түзүп, рекорд койгон.
- Ошол эле жылы “Сеймар Альянс” Каржы корпорациясынын” капиталы 1 млрд 850 млн долларга жеткен.
- 2007-2009-жылдары Казакстандын Шахмат федерациясынын президенти.
Соттук териштирүүлөр
2009-жылы “Альянс Банк” “Самрук-Казына” фондуна ишенимдүү башкарууга берилген. Ошондон кийин Сейсембаев Казакстандан чыгып кеткен. Себеби, ага жана анын өнөктөштөрүнө карата Казакстанда, Лихтейнштейнде, Швецарияда, БАЭде жана Англияда бир канча кылмыш иши козголгон. Алар негизинен ишкерди алдамчылыкка, ири өлчөмдөгү акча уурдоого жана кутумчулукка айыпташкан. 2009-жылдын октябрында Маргулан Сейсембаевге жана анын бир-туугандарына эл аралык издөө жарыяланып, ага Интерпол дагы кошулган.
2012-жылдын 12-декабрында Лондондун Жогорку соту бардык айыпталуучуларды күнөөсүз деп тапкан.
Жалпысынан соттук териштирүүлөр 2016-жылга чейин созулуп, Сейсембаевге карата коюлган алты айыптын бешөө жокко чыгарылган. Ал эми бирөө боюнча күнөөлүү деп табылган. Тагыраак айтканда, 2011-жылы 8-июлда Казакстандын Медеу райондук соту ишкерди “Кепилдик берүү жолу менен банктык каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Мындан тышкары “Альянс Банк” АКынын пайдасына 192 млрд тенге кенемте төлөөнү милдеттендирген.
Инвестиция жана кайрымдуулук
Маргулан Сейсембаев 2013-жылдан бери инвестициялык ишмердүүлүк менен активдүү алектенип келет. Ал Seimar Investment Group башкаруу компаниясынын негиздөөчүсү, Сингапурдагы Asadel Venture Fund венчурдук фондунун инвестициялык комитетинин төрагасы жана жетектөөчү өнөктөшү. Seimar Social Fund кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Казакстандагы Heileyberry School Almaty менчик мектебинин негиздөөчүсү жана меценаты. Казакстандын меценаттар клубунун мүчөсү.
Ошондой эле Nomad Explorer экспедициялык тобунун демилгечиси жана жетекчиси. «Алмалы жумақ» фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири.
Маргулан Сейсембаев 2020-жылы Forbes журналынын версиясы боюнча Казакстандагы эң таасирдүү 50 бизнесмендин катарына кирген.
Саакашвили менен байланышы
Маргулан Сейсембаев 2020-жылы июлда Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили катышкан онлайн-форумда коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кризистик кырдаал боюнча баяндама жасаган. Форум аяктагандан кийин Саакашвили Сейсембаевге байланышка чыгып, кызматташууну сунуштаган. 1,5 айлык сүйлөшүүдөн кийин казакстандык ишкер Украинанын Улуттук реформалар кеңешинин базасында түзүлгөн “Жөнөкөй чечимдердин жана жыйынтыктардын кеңсесине” өнөктөш катары кабыл алынган. Саакашвилинин реформа жүргүзүүдөгү өнөктөшү катары Сейсембаев кеңсенин ички жана тышкы иштери менен жакындан таанышып чыкканын, бир катар маанилүү жолугушууларды өткөргөнүн, анын ичинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукканын айткан.
Райымбек Матраимов деген ким?
Райымбек Матраимов — Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары. Эл арасында “Раим миллион” деген каймана ат менен таанымал.
Райым Матраимовдун өмүр таржымалы тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ал 1971-жылы 3-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Билими боюнча, жогорку билимге ээ экени гана айтылат. Бирок кайсы окуу жайда, кайсы багытта билим алганы белгисиз.
Эмгек жолун 1997-жылы 26 жашында Мамлекеттик бажы кызматында жөнөкөй инспектор болуудан баштаган. 2004-жылдан тартып кызматынан улам көтөрүлүп отурган: 2004-2005-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын түштүк региону боюнча жеке курам менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген; 2005-жылы Ош бажысынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган; 2007-жылдан 2013-жылга чейин Ош бажысын жетектеген.
2013-жылы Бажы кызматында структуралык өзгөрүүлөр болуп, Ош, Баткен жана Жалал-Абад бажылары биригип, Түштүк-батыш башкармалыгы түзүлгөн. Башкармалыкка жетекчи болуп Матраимов дайындалган. Ал жерде 2015-жылга чейин иштеген. 2015-жылдын 25-августунда ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Кызматтан алынуусу жана соттон жеңип чыгышы
Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясынан бир күн мурун экс-премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп жүйө келтирген.
Кызматтан негизсиз алынганын айткан Матраимов 2018-жылдын апрелинде өкмөттү сотко берип, Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн. Ошол эле жылдын 25-июлунда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деген чечим чыгарган. Кыргыз өкмөтү бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырган. Андан соң өкмөт Жогорку сотко арыз жолдогон.
2019-жылдын 17-майында Жогорку сот дагы Райымбек Матраимовдун пайдасына чечим чыгарган. Ошону менен ал кызматына кайтып келүүгө укук алган жана өкмөт ага жумуштан алынган күндөн берки айлык акысын төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Чуу жараткан иликтөөлөр
2019-жылы “Азаттык радиосу”, “Kloop” медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” аталышындагы журналисттик иликтөөлөрдү жарыялашкан.
Анда Райымбек Матраимовдун 2015-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп турган учурда коррупциялык схеманы түзгөнү ачыкка чыгарылган.
Иликтөөдө көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын жүк ташуучу компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммадагы акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген. Бул коррупцияга малынган схеманын аркасында Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат сыртка чыгарылып кеткен.
Бул иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Андан кийин да иликтөөлөрдүн сериясы чыгып, Райым Матраимовдун миллиондогон долларлык мүлкү, жубайынын жана үй-бүлөсүнүн кирешелери тууралуу изилденген.
Райымбек Матраимовго коюлган санкциялар
Райымбек Матраимовго байланышкан иликтөөгө дүйнө коомчулугунун дагы назары бурулган. Алсак, АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.
“Магнитский акты” коррупцияга аралашкан жана адам укуктарын олуттуу бузгандарга карата колдонулат. Ага ылайык, Райымбек Матраимовдун АКШдагы мүлктөрү тоңдурулуп, ал жакка кирүүгө тыюу салынган.
Мындан сырткары бир топ чет элдик медиалар Райымбек Матраимов тууралуу “коррупцияга аралашкан” деген кабарларды жарыялашкан.
Соттук териштирүүлөр
2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райым Матраимовду жемкорлукка айыптап кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында көмүскө киреше алып келүүчү коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Айыпталуучу тергөө менен кызматташууга жана 2 миллиард сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экендигин айткан соң үй камагына чыгарылган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Матраимов күнөөлүү экенин сотто өзү мойнуна алган. Мамлекетке келтирилген чыгым катары 1,4 миллард сомду акчалай түрдө, 600 миллион сомду кыймылсыз мүлк түрүндө мамлекеттин бюджетине өткөрүп берип жазадан кутулган.
Арадан көп өтпөй (18-февралда) ал кайрадан кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынган. 15-апрелде УКМК Матраимовдун иши боюнча эч кандай далил табылган жок деген жүйөнүн негизинде айыпталуучуну камактан бошотуп, сотко чейинки тергөөнү токтоткон.
Кайрымдуулук иштери
Бир-тууган Матраимовдордун атасынын атын алып жүргөн “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду 2013-жылдан бери Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Юстиция министрлигинде фонддун директору катары Русланбек Матраимов көрсөтүлгөн. Аталган фонддун иш-чараларында Райым Матраимовдун ысымы көп аталат. Алсак, үстүбүздөгү жылдын май айында Кара-Суу районунда фонд тарабынан курулган “Исмаил ата” мечитинин ачылышы болгон. Ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү, анын ичинде мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев катышып, Райым Матраимовго мусулмандардын ыйык китеби болгон Куранды белекке берген.
Сентябрь айында Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында спортчуларды сыйлоо аземи өткөн. Ага Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов дагы катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов спортчуга “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Райымбек Матраимовдун атынан Бишкектен 3 бөлмөлүү батир белекке берилгенин айтып, колуна сертификат тапшырган.
Кайрымдуулук фондунун социалдык тармактардагы баракчаларында фонддун коронавирус пандемиясы башталган учурда, андан сырткары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда элге гуманитардык жардам көрсөткөнү тууралуу дагы айтылат.
Жыйынтык: Маргулан Сейсембай жеке ишкер, өмүр бою бизнес менен алектенген. Райымбек Матраимов мамлекеттик кызматта иштеген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп тапкан. Демек, мындай салыштыруу объективдүү эмес.