Президенттин Баткендеги өкүлү чек арадагы абал тууралуу маалымат берди

  • 2 года мурун

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арадагы абал тууралуу маалымат берди.

«Түн ичинде атышуулар болгон жок. Бирок кырдаал курч болуп турат. Азыркы учурда тажик тарап менен биргеликте чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ишти алып барабыз». — деди ал.

Ал чек ара айылдарына кирген тажик асерлери чыгарылганын кошумчалады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон. Ал эми жаңжалдан жабыркагандардын саны 103кө жетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты