Президенттин 285 жарлыгы, өкмөттүн 2 миң 875 токтому күчүн жоготту 

  • 2 года мурун

Президенттин 1991-жылдан берки 285 жарлыгы, өкмөттүн 2 миң 875 токтому күчүн жоготту. Бул тууралуу юстиция министринин биринчи орун басары Зария Аскарова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине мыйзамдардын ишин жакшыртуу жана оптималдаштыруу максатында бардык мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды, ошондой эле жарлыктарды жана токтомдорду масштабдуу инвентаризациялоодон өткөрүү тапшырмасын берген.

Жокко чыгарылган жарлыктарды жана мыйзам алдындагы актыларды жарандык коомдун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана эксперттерден турган ведомстволор аралык жумушчу топ изилдеп чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты