Президенттик администрациянын «Манас айылын» 3 гектардан 8 гектарга кеңейтүү тууралуу маалыматы манипуляция

5-майда “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болду

Ал өлкөдөн чыгып кеткен соң “Би-би-синин” кыргыз кызматына берген маегинде өзүнө карата кысым болгонун билдирди. Мындан тышкары ал маекте бир жыл мурун президенттин тапшырмасы менен, мамлекет башчынын иш башкармалыгынын аткаруусунда “Манас айылын” реконструкциялоо үчүн долбоорго сынак өткөрүлгөнүн айтты. Анын айтымында, долбоор тандалып, иштелип чыккан соң иш башкармалыктан аны курууга каражат жок экенин айтышып, комплексти көчүрүүнү сунушташкан. 

Манасчы комплекстин жерине байланыштуу чуу чыккандан кийин жарыяланган долбоор мурда тандалып алынган долбоордон айырмаланарын, азыр сунушталып жаткан долбоордо комплекстин жери кыскарып кеткенин айтууда. Ал эми “аталган долбоордо “Манас айылынын” аймагын 3 гектардан 8 гектарга кеңейтүү каралган” деген маалымат туура эмес экенин айтып, комплекстин аянты 9 гектарга чукул экенин белгиледи. 

Президенттик администрациянын "Манас айылын" 3 гектардан 8 гектарга кеңейтүү тууралуу маалыматы манипуляция

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтардын аныктыгын текшерип көрдү.

Окуянын чоо-жайы 

Ушул жылдын 12-апрелинде “Манас айылынын” жетекчиси Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин басып алуу аракети болуп жатканын жазып чыккан.  Ал “Ысык-Көл” мейманканасын бузуп жаткан компаниянын кызматкерлери эч кандай документи жок кирип келип, маданий комплекстин тосмолорун ала баштаганын айткан.

14-апрелде Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин айланасындагы иштерге нааразылыгын айтып, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдогон. Анда 13-апрелде президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу өкмөттүн атынан келгенин айтып, тосмонун пайдубалынан бери талкалатып кетишкенин жазган.

Манасчы журналист Али Токтакуновго берген маегинде Марат Турсунбеков менен кайым айтышуу болгонун айткан. Ошол эле маекте Нургалы Асанбеков аттуу адам президенттин атынан келгенин айтып, “Манас айылынын” ордуна парк салынып, үй куруларын билдиргенин маалымдаган. 

Сыдыков маекте президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Тилек Батырканов “Манас айылын” көчүрүүнү сунуштаганын дагы айткан:

“Ал жаңы “Манас айылын” шаардын четиндеги туунун жогору жагындагы Боз-Бөлтөк деген жерге салалы деген сунушун айтууда. Бирок ага каражат жок деп жатат. Анан да Батырканов жаңы комплекс тууралуу кагаз жүзүндө эмес оозеки гана айтууда, мындан болгону тил эмизип жатышканын түшүнүүгө болот. Манаска мындай мамиле кылган туура эмес”.

Бул маселени Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо да көтөрүп, өкмөттү чара көрүүгө чакырган.

Ошол эле күнү президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берди.

Анда “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна жаңы административдик комплекстин курулушу башталып жатканы, ал жерди түздөө үчүн “Манас айылы” комплекси жайгашкан аймактын 5 сотых жери алынганы айтылган. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткандыктан “Манас айылы” менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор жок кылынган.

Иш башкармалык “Манас айылынын” имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келбей турганын, келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү планы бар экенин билдирген.

25-апрелде президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде «Манас айылы» жаңыланып, анын маңдайына «Манас» театры салынарын айткан.

29-апрелде мамлекет башчысы “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышып чыккан

Президенттик администрация тараткан маалыматта долбоордо комплекстин аймагын 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралганы, ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган 3 кабаттуу боз үй куруу жана комплекстин аймагына “Манас” театры менен «Манас» музейин жайгаштыруу пландалып жатканы айтылган. Аны менен бирге долбоордун эскизинин сүрөтү жарыяланган.

Президенттик администрациянын "Манас айылын" 3 гектардан 8 гектарга кеңейтүү тууралуу маалыматы манипуляция
«Манас айылы» маданий этнографиялык комплексин реконструкциялоо үчүн даярдалган жаңы долбоордун эскизи

Долбоордун эскизи жарыяланган соң Дөөлөт Сыдыков бул долбоор сынакта тандалып алынган эскизден айырмаланарын, мурда сынак үчүн даярдалган топографиялык съемкага салыштырып караганда бул долбоордо бир топ жер кемип кеткенин жазып чыкты.

Президенттик администрациянын "Манас айылын" 3 гектардан 8 гектарга кеңейтүү тууралуу маалыматы манипуляция
2021-жылы сынак үчүн даярдалган топографиялык съемка. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун баракчасынан алынды.

“Комплекстин аянтын 3 гектардан 8 гектарга кеңейтебиз” деген маалымат манипуляция

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплекси 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Ичинде бетондон курулган коргондор, мунара, таш эстеликтер, сейилдөөчү аянчалар жана төрүндө төрт боз үй жайгашкан. Комплекстин жолдору жана курулуштары көбүнесе таш менен кооздолгон. Адистердин айтымында, курулуш кезинде шашылыш жана сапатсыз жүргөн. Комплекс алгач Бишкек шаардык мэриясынын балансында болгон. 1998-жылы «Бишкек» эркин экономикалык аймагы» башкы дирекциясынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Бул борбор “Бишкек” ЭЭЗдин өндүрүш ишмердүүлүгүнө тиешеси жок болгондуктан, аны кароо чыгымы оорлоп, убакыттын өтүшү менен маданий борбордун аймагынын абалы начарлап баштаган. Азыр маданий жайдын дээрлик бардык курулуштары талкаланган абалда. Андыктан комплексти оңдоп-түзөө маселеси буга чейин дагы бир нече жолу көтөрүлгөн.

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” айылынын абалы менен таанышканы барган учурда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов комплексти жаңылоого жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирген. Ал “Манас айылы” аталган министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын айткан. 

Президент комплексти министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдогон. 

Ошол учурда “Манас айылынын” аймагы 11 гектарды түзөрү жана аны каржылоого жылына 5 млн сом бөлүнөрү айтылган. 

2021-жылдын апрель айында этнографиялык комплексти реконструкциялоо үчүн долбоорлорго сынак жарыяланган. Дөөлөт Сыдыковдун айтымында, сынакта 12 кишиден турган калыстар тобу архитектор Мухтар Тагайбек уулунун долбоорун тандап алышкан. 

Долбоор толугу менен иштелип чыккан соң президенттин иш башкармалыгынан аны курууга каражат жок экенин билдиришкен.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагы” башкы дирекциясынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров документ боюнча “Манас айылынын” жалпы аянты 11,45 гектар экенин жана комплекске жылына 6 млн сом бөлүнүп келгенин билдирди. Ал учурда этнографиялык комплекс толугу менен президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады. 

Биз “Манас айылын” реконструкциялоо боюнча иштелип чыккан жаңы долбоор жана анда жер кыскарып кеткен деген маалымат боюнча комментарий алуу үчүн иш башкармалыкка байланышып жооп ала алган жокпуз. 

Жыйынтык: Президенттик администрациянын “Манас айылын” реконструкциялоо үчүн даярдалган долбоордо комплекстин аянтын 3 гектардан 8 гектарга кеңейтүү каралган” деген маалыматы манипуляция. Чынында этнографиялык комплекстин аянты документ боюнча 11 гектардан ашык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты