Президенттин иш башкармалыгы “Манас айылындагы» жердин алынышы боюнча түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берди.

Андагы маалыматка ылайык, “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна жаңы административдик комплекстин курулушу башталып жатат. Ал жерди түздөө үчүн “Манас айылы” комплекси жайгашкан аймактын 5 сотых жери алынууда.

Курулуш иштерине тоскоолдук жараткандыктан “Манас айылы” менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор жок кылынган. Мекеме, комплекстин жери президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин кошумчалады.

Иш башкармалык “Манас айылынын” имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбей турганын, келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү планы бар экенин билдирди.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты