“Манас айылы” комплексин жаңылоонун долбоору жарыяланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышып чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, долбоордо “Манас айылы” комплексин 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралган. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган 3 кабаттуу боз үй куруу жана комплекстин аймагына “Манас” театры менен «Манас» музейин жайгаштыруу пландалууда.

Мындан тышкары долбоордун идеяларынын бирине ылайык, комплекстин конокторуна улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этно-маданий иш-чараларды өткөрө алышат.

Буга чейин мамлекет башчысы маектеринин биринде жакынкы арада комплекстин реконструкциясы болорун билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты