Президент Жапаровдун  Казакстанга иш сапары аяктады

  • 1 месяц мурун

30-майда Президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өткөн «Борбор Азия – Италия» Биринчи саммитине катышып, иш-сапарын аяктады. Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жана Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони катышты. Садыр Жапаров Италия менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоону баса белгилеп, соода жүгүртүү беш эсе өскөнүн айтты. Саммит алкагында ал Джорджа Мелони менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулады. 

Тараптар эки жактуу кызматташуулардын негизги багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, энергетика, транспорт, суу ресурстары жана санариптик трансформация тармактарында өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Астана шаарында өткөн «Борбор Азия – Италия» саммитине катышуусун аяктаган Президент Садыр Жапаров 30-майда Бишкек шаарына кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты