Президент Жапаров УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты

  • 2 года мурун

Президент, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты.  

Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын эске салды.

Базанын ачылышы тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров ал чек араларды кайтарууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарарын белгиледи.

«Мен ар дайым айтып келем – Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин» деп билдирди Президент.

Белгилей кетсек, «Байрактар» учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты