Президент Жапаров Кытайдын элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-январда, Кытай элчиси Лю Цзянпинди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алганы тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Анда айтылгандай, мамлекет башчы элчини дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын белгиледи.
Президент КР жана КЭРдин ортосундагы байланыштар саясат, экономика жана соодадан тартып илим, маданият жана билим берүүгө чейинки чөйрөлөрдү камтый турганын баса белгиледи.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси Лю Цзянпин бул кызматка дайындалышын анын жашоосундагы тарыхый учур деп атап, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө жемиштүү ишке даяр экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын маданиятын жана коомдук турмушун жакшы билерин, бул анын өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүгө умтулуусуна өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Сүрөт: president.kg