Президент Жапаров ички паспортторду акысыз алмаштыруу акциясы жүргүзүлөрүн билдирди

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров ID кардды акысыз алмаштыруу акциясы жүргүзүлө турганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

“Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт. Ушуга байланыштуу ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзөбүз.  Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт” деп жазды.   

Маалыматта айтылгандай, андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат. Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла.

Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жете элек деди.

Иллюстрациялык сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты