Президент Жапаров: Чек ара көйгөйлөрүн чечүү кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин жүрүшүндө курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда айтылгандай, 2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү, тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары элибиздин эсинде сакталып калды.
Ошол каргашалуу күндөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет.Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы.

Өрттөлгөн 140 турак үй бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө да үйлөр курулуп тапшырылды.

Кагылышуунун кесепеттерин жоюу максатында 2021-жылдын 4-майында “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлык кабыл алынды. Баткен облусунун чек ара аймагындагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүл дайындалды.

2021-жылдын 10-сентябрында Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынды.

Аталган мыйзамдын алкагында 2022-жылдын 1-мартынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө, Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2000 сом өлчөмүндө кошумча компенсация төлөнө баштады.

Андан сырткары, облус боюнча стратегиялык маанидеги 8 жолдун курулуш иштерине 250 млн сом акча каражаты бөлүндү.

Жогорудагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде Баткен облусун өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, ага ылайык жылына 500 млн сомдон акча каражаты бөлүнүп берилет.

Өткөн жылдагы куралдуу кагылышуу өлкөбүздүн чек арадагы коопсуздугуна олуттуу жана кечиктирилгис көңүл бөлүү зарыл экендигин ачык айгинелеп койду. Ошондуктан куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды.

Андан ары Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калып жаткандыгына токтолду.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду.

Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар» деди Президент Жапаров кайрылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты