Президент Жапаров: Асман шаарынын келечеги абдан чоң
- 3 года мурун
Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйынында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого жооп берди.
-Асман шаарын куруу башталат, башкы план иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул-инвесторлордун акчасы.
Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот.
3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы. Анда чет өлкөлүктөр да батир сатып алса болот.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.